Бийликтин билдиришинче, ушул айда батыш Германияны каптаган селден каза болгондордун саны 180ге жетти, 150дөй адам дайынсыз жоголду. Германиянын метеорологиялык кызматтары жамгыр көбүрөөк жаашы күтүлүп жаткандыктан сак болууга чакырды.
Нөшөрдөн эң көп жабыркаган Рейнланд-Пфальц аймагында полиция 132 кишинин каза болгонун жана 766 кишинин жаракат алганын билдирди.
Аймактагы 149 адам дагы эле дайынсыз болуп жатса, "акыркы өлүмдөрдүн саны мынчалык көбөйөт деп күткөн жокпуз", - деди өлкөнүн ички иштер министри Роджер Левенц, бул тизмеде эс алууда жүргөндөр бар экенин кошумчалады.

Полиция тик учак жана 30га жакын иттер менен издеп жатат.
"Жабыркагандардын бардыгын таба алабызбы деп айта албайм" деди Левенц.
Коңшу Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында 47 адам каза болгон. Кельн полициясы дайынсыз жоголгон же байланышууга мүмкүн болбогон эки адамды издеп жатканын билдирди.
Баварияда бир адам, Бельгияда 36 адам каза болуп, Европада каза болгондордун жалпы саны 216га жетти.